24- Апрель 1967 -жылы мурдагы Өзгөчө кырдаалдар министри Болотбек Борбиев туулган
Мурдагы Өзгөчө кырдаалдар министри Болотбек Борбиев Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Кетмен-Төбө айылында туулган. 1991-жылы Фрунзедеги политехникалык институттун инженердик-курулуш факультетин аяктаган. 1996-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинде билимин улантып, юриспрудент адистигине ээ болот. Эмгек жолун Ички иштер башкармалыгынын Мамлекеттик автоунаа инспекциясынын жол кыймылдарды уюштуруу бөлүмүндө инженер болуудан баштайт. Ар кандай күч түзүмдөрүндө кызматын улантып, 2010-жылы декабрь айында Өзгөчө кырдаалдар министри болуп дайындалган. Бул кызматта 2011-жылдын аягына чейин иш алып барган. 
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан