СССР Министрлер Кеңеши Казакстандын Семипалатинск аймагында советтик атом бомбаларын сыноо аянтын куруу туурасындагы токтом кабыл алган. Сыноо аянты "Тоолуу станция, № 2-сыноо полигону" деп аталган. Анын курулушу 1949-жылдын 26-июлунда бүткөрүлүп, мында 1990-жылдын 24-октябрына чейин 456 ядролук жана термоядролук куралдар сыналган. Адистердин айтымында, Семипалатинскидеги сыноолор жалаң эле Казакстанга эмес, Кыргызстанга да терс таасир тийгизип турган.