Азиянын чыгыш өлкөлөрүндө башталган 1998-жылкы экономикалык кризис Кыргызстанга да таасирин тийгизбей койгон эмес. Кубанычбек Жумалиев жетектеген кыргыз өкмөтү кризиске каршы жетиштүү чараларды көрө албагандыгына байланыштуу, өлкөнүн экономикалык абалы татаалдашкан. Кырдаалдан чыгуу жолун издеген бийлик Кубанычбек Жумалиев жетектеген өкмөттү отставкага кетирген.
Анткен менен жаңы өкмөт башына келген Жумабек Ибраимовдун айыкпас оорунун айынан 1999-жылдын 4-апрелинде көз жумушуна байланыштуу өкмөттүк кризис кайрадан күн тартибине коюлган. Президент Аскар Акаев эми өкмөт башына тажрыйбалуу Амангелди Муралиевди тандап, Жогорку Кеңеш кароосуна сунуштаган. Кыргыз парламентинин 1999-жылдын 21-апрелинде өткөн жыйынында Амангелди Муралиевдин премьер-министрлик талапкерлиги жактырылган.