15- Июнь 1977 -жылы Ырчы Азамат Сарыбаев туулган
Ырчы Азамат Сарыбаев Жалал-Абад облусуна караштуу Тогуз-Торо районундагы Казарман айылында төрөлгөн.
Улуттук Филармониянын астындагы 2 жылдык студияны аяктаган. Андан соң Улуттук Консерваторияга тапшырып, Улукмырза Полотовдун кол астында билим алган. Азамат Сарыбаев "Аппагым", "Бульварым" аттуу ырлары менен популярдуулукка жетишкен. Азамат Сарыбаевдин аткаруусундагы Сардарбек Жумалиевдин "Бульварым" аттуу чыгармасы "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "2012-жылдын супер ремейки" деп табылган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан