21- Апрель 1989 -жылы
Кытай реформасынын лидери Ху Яобандын өлүмүнө байланыштуу Бээжин шаарында жаштар митингге чыгышкан
Кытай реформасынын лидери Ху Яобандын өлүмүнө байланыштуу Бээжин шаарында жаштар митингге чыгышкан. Кытай Элдик Республикасынын борборундагы Тананмын аянтына чогулган жүз миңдеген студенттер сөз эркиндигин жана саясий реформалардын жүргүзүлүшүн талап кылышкан. Эки ай чамалуу уланган бейпил акциянын акыры 1989-жылдын 4-июнь күнү аскердин жана танкалардын күчү менен басылган.