
Кыргыз улуттук адабиятынын башында тургандардын бири, демократ акын Токтогул Сатылганов 69 жаш курагында туулган жеринде дүйнөдөн кайткан.
Төкмө акын, обончу, комузчу, аткаруучу, куудул Токтогул Сатылганов 1864-жылы Ош облусунун Кетмен-Төбөсүндө туулган. Он үч жашынан эле айыл арасында ырдай баштаган. Ырлары ар кандай тематикада болгон. Алгачкы ырлары "Алымкан", "Чакырбай сүткор", "Беш каман", "Эшен-калпа" аттуу жана башка көптөгөн ырларды аткарган. Кийинчерээк акын "Эмне кызык", "Гүлдөп ал", "Санат", "Терме" сыяктуу нускалуу ырларды ырдаган. Бай-манаптарды, эшен калпаларды сындаган көп ырлары бар. 1898-жылы Сибирге сүргүнгө айдалган, анда жүргөндө: "Туткун ыры", "Ушундайбы сурагын", "Качып келе жатканда" жана башка ырларды чыгарган. 1903-жылы сүргүндөн келгенден кийин "Энсеген элим аманбы", "Апакем аман барсыңбы" жана башка ырларды жараткан. Октябрь революциясынан кийин жаңы түзүлүштү даңазалаган. Токтогул айтыш жанрындагы ырлардын чоң устаты. "Манас" эпосун, кенже эпосторду да айткан. 1938-жылы алгачкы ырлар жыйнагы жарык көргөн. Кийин ырларынын эки томдугу кыргызча, эки томдугу орусча, бир томдугу французча чыгарылган.