Украинанын эстрада ырчысы Анастасия Приходько Киевде туулган. Анастасия Приходько 15 жашында "ВИА Гра" тобуна кирүүгө аракет кылып, бирок анысы ишке ашкан эмес. Кийин Глиэр атындагы училищени "улуттук вокал" боюнча аяктап, кийин Киевдеги улуттук маданият жана искусство университетин бүтүргөн.