9- Март 2014 -жылы
Ооганстандын биринчи вице-президенти Мохаммад Касим Фахим каза тапкан
Ооганстандын вице-президенти, маршал Мохаммад Касим Фахимдин капысынан жүрөгү токтоп каза болгон. Анын өлүмүнө байланыштуу ооган өкмөтү тарабынан өлкөдө 3 күндүк аза күтүү жарыяланган.
Касим Фахим 1957-жылы Парван провинциясында туулган. Ал эми 2009-жылы Ооганстандын биринчи вице-президенти кызматына келген.