8- Март 2014 -жылы
Малайзиядан Пекинди көздөй учкан учак 239 жүргүнчүсү менен дайынсыз жоголгон
Малайзиянын Куала-Лумпур аба майданынан Кытайдын Пекин шаарына сапар тарткан Боинг-777-200 учагы 239 жүргүнчүсү менен дайынсыз жоголгон.
Учак асманга көтөрүлгөндөн 2 саат өткөн соң байланыш үзүлгөн. Акыркы жолу экрандан анын Вьетнам жана Малайзиянын ортосундагы деңиздин үстүндө учуп бара жатканы көрүнгөн. Ал эми 2015-жылдын 29-июлунда Реюньон аралында учактын канатынын калдыктары табылган.