9- Март 2014 -жылы Йеменде кеме кыйрап, 40тан ашуун мигрант набыт болгон
Түштүк Йемендин жээктеринде кеме кыйрап, 42 адам каза тапкан. Набыт болгондор Африкадан Йеменге иштөө үчүн келе жаткан мигранттар экени аныкталган. Жээк күзөтү кызматынын өкүлдөрү 30га жакын адамды куткарууга жетишишкен. Алар Майфаа шаарындагы качкындардын лагерине жөнөтүлгөн. 
2012-жылы Африкадан келген 84 миңге чукул мигрант Йеменге мыйзамсыз кирген. Ошондой эле Эфиопия менен Сомалиден Сауд Арабияга бара жаткан мигранттар Йемен аркылуу өтөрү белгилүү болгон. Ал эми 2013-жылы Сауд Арабия мыйзамсыз мигранттар үчүн мунапыс киргизип, иштөө үчүн расмий түрдө уруксат алууну сунуштаган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан