9- Март 2014 -жылы Москвада өткөн бий спорту боюнча эл аралык мелдеште кыргыз спортчулары 3 алтын медаль утушкан
Москвада бий спорту боюнча жыйынтыкталган “Динамонун Гран-приси-2014” мелдешинде кыргыз спортчулары 3 алтын медаль утуп алышкан. 16-ирет уюшулуп жаткан мелдешке Италия, Норвегия, Казакстан, Кыргызстан жана Орусиядан 1870 жуптук катышып, жалпысынан 30 комплект медаль үчүн таймаш өткөрүшкөн.
Кыргызстандык жуптук Говард Чолпонбаев менен Азиза Жолдошева “Жаштар-1” категориясында 27 жуптуктун ичинен 1-орунду ээлешкен. Ал эми Алишер Сейдалиев менен Аделя Жээренчиева жуптугу “Жаштар-2” категориясында 40 жуптуктун ичинен алтынга арзышкан. Кыргызстандын эсебине 3-алтынды “Өспүрүмдөр-2” категориясында Алибек Чолпонбаев менен Алина Иванова алып келишкен. 
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан