11- Март 2014 -жылы
ЕККУ Крымдагы референдумга өкүл жиберүүдөн баш тарткан
Европа коопсуздук кызматташтык уюму Крымда 16-мартта өтүүчү референдумга байкоочу катары өкүл жиберүү боюнча Крым бийлигинин сунушунан баш тарткан. ЕККУ референдумга байкоочу катары чакырууга Крымдын эмес, Украинанын гана укугу бар деп эсептеген. Крым бийлиги ЕККУга кайрылуу маселесин 10-мартта көтөрүп, кайрылуу уюмга төрагалык кылган Швейцарияга жөнөтүлгөнү белгилүү болгон.