11- Март 2014 -жылы
орусиялык “Зенит” башкы машыктыруучусу Лучано Спаллеттини кызматынан бошоткон
Орусиялык “Зенит” футболдук клубу башкы машыктыруучу Лучано Спаллеттини кызматынан бошоткон. Анын милдетин убактылуу аткаруучу болуп өткөн сезондо карьерасын жыйынтыктаган Сергей Семак дайындалган.
55 жаштагы италиялык адис Лучано Спалетти “Зенитке” 2009-жылы келген. Клуб менен 2010 жана 2012-жылдары Өлкө чемпиондугун уткан.
Сезон ортолоп калганда “Зениттин” башкы машыктыруучусу менен коштошконунун так себеби белгисиз болгон. Көпчүлүктүн божомолуна караганда, бул УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын жарым чейрек финалында өз үйүндө дортмунддук “Боруссияга” уттуруп (2:4), Орусиянын чемпиондугунда өз үйүндө “Томь” менен тең чыкканы менен байланыштуу болгон.