12- Март 2014 -жылы
1 жаш 8 айлык Мирана аттуу кызды сабаган Гүлмира Дубанаева 17 жылга эркинен ажыратылган
1 жаш 8 айлык Мирана аттуу кызды сабаган Гүлмира Дубанаева 17 жылга эркинен ажыратылган.
2013-жылдын 23-ноябрында Бишкекте 1 жаш 8 айлык Мирана аттуу кыз катуу сабалып, ооруканага жаткырылган. Бул кылмышка шектелип Жалал-Абад облусунун тургуну Г.Дубанаева кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалган. Тергөө учурунда Дубанаева Гүлмира Мирананын жеңеси экендиги аныкталган. Ал Мирананы 1 айдан бери карап, бул убакыт аралыгында ымыркайдын өмүрүнө коркунуч туудурган залалдарды келтирген. Тергөөчүлөрдүн берген маалыматына караганда, Гүлмира Дубанаева Мирананы кар жааган учурда муздак суу куюлган дагарага салып сыртка чыгарып койгондугу, кирдин суусун ичиргендиги, дубалга башын сүздүргөндүгү дайын болгон. Сурак учурунда Гүлмира Дубанаева жасаган кылмышын моюнуна алган.