12- Март 2014 -жылы Түркияда полицияга каршы чыккан демонстранттар колдоруна бөлкө нан көтөрүп алышкан
Түркиянын Стамбул, Анталия сыяктуу бир катар шаарларында полиция кызматкерлерине каршы акциялар өткөн. Буга 2013-жылы жайында "Гези" сейил багында болгон митинг учурунда полиция кызматкерлеринин огунан башынан оор жаракат алган 15 жаштагы Беркин Эльвандын өлүмү себеп болгон.
268 күндөн бери комада жаткан Беркин Эльван 8-март күнү Стамбулдагы клиникалардын биринде каза тапкан. Анын көз жумганын уккан жаштар Анкара шаарындагы чоң жолду тосушкан. Аларды таркатуу үчүн полиция көздү ачыштыруучу газ чыгарышканда, манифестанттар жооп катары таш жана петардаларды жаадырышкан. Эл баш ийбей калган учурда полиция водомёт жана газ гранаталарын колдонушкан.
Ал эми 12-марттан тартып өлкөнүн 22 шаарында демонстранттар колуна бөлкө нандарды көтөрүп алып полицияга каршы акцияларды өткөрүшкөн. Нан көтөрүп алышкандыгынын себебин Беркин Эльвандын митингге эмес, нан алганы сыртка чыкканда каза тапкандыгы менен түшүндүрүшкөн.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан