12- Март 2014 -жылыВладимир Жириновский алфавиттен "Ы" тамгасын алып салууну сунуштаган
Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Владимир Жириновский орус алфавитинен "Ы" тамгасын алып салууну сунуштаган. Жириновский: “Бул түрү суук тамганы жоготуш керек. Азиаттарга таандык тамга, ушул тамга үчүн бизди Европада сүйүшпөйт”,- деп айтуу менен "Ы" тамгасы орус тилине монгол тилинен келип кошулганын билдирген.
“Бул тамганы айбанаттар колдонот, “ы-ы” деп. Бизге "И" тамгасы жетет”,- деп кошумчалаган Жириновский.