12- Март 2014 -жылы
“Forbes” басылмасы Жастин Биберди орунсуз кылыктары үчүн ЖМКлардын көңүлүн бурдургандардын алдыңкы сабына койгон
Популярдуу рейтингдерди түзгөн “Forbes” басылмасы канадалык ырчы Жастин Биберди орунсуз кылыктары үчүн ЖМКлардын көңүлүн бурдурган атактуулардын алдыңкы сабына койгон.
Сурамжылоого катышкандардын 67 пайызы “акыркы бир жыл ичинде “өзүн мыкты көрсөтө” алган Бибер” деген тыянакка келишкен.
Жастин Бибер апта сайын түрдүү кылыктары менен ЖМКлардын торуна илинип келген. Мисалы, бир ирет мас абалында унаа айдап баратып кармалса, бир ирет полиция кызматкерлери анын үйүн тинтүүгө алышкан. Андан тышкары "баңгизатын сактап жүрөт" деген кеп тараганы маалым.