12- Март 2014 -жылыЛионель Месси УЕФАнын Чемпиондор Лигасында бир клуб үчүн 67 гол киргизген алгачкы оюнчу болгон
УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын жарым чейрек финалдык оюнунда Лионель Месси “Манчестер Ситинин” дарбазасына кезектеги голун киргизген. Бул гол УЕФАнын Чемпиондор Лигасында анын эсебине жазылган 67-гол болуп калган. Бул көрсөткүч менен Месси аталган мелдеш тарыхында бир клуб үчүн эң көп гол киргизген футболчу катары жаңы рекорд койгон.
Буга чейин бул рекордду испаниялык Рауль койгон. Раулдун эсебинде УЕФАнын Чемпиондор Лигасында 71 голу болсо, анын 66сын мадриддик “Реалдын” курамында киргизген.