Адамзат тарыхындагы биринчи массалык кыргын салчу курал Бельгиянын Ипр шаарындагы салгылашта колдонулган. Германиялык генерал Фалкенхайн каршылаш тарапка газ атакасын колдонууга буйрук берген. Немис аскерлери 6 чакырым аралыкка созулган фронт талаасына 5 мүнөт бою 6 миң баллондон 180 тонна хлорду душман позициясына чачкан. Ууланган 15 миң аскердин үчтөн бири согуш талаасында жана ооруканаларда курман болгон.