22- Апрель 2011 -жылы
Таиланд менен Камбоджанын чек арасында талаштуу аймак боюнча кагылышуу башталган
Таиланд менен Камбоджанын чек арасындагы талаштуу аймак боюнча башталган кагылышуудан 12 адам набыт болсо, 40тан ашууну жаракат алган. Атышуулардан улам бул аймакта жашаган эки тараптын 36 миңдей тургундары өз үйлөрүн таштап кетүүгө мажбур болушкан.
Мындай кагылышуунун келип чыгышына эки хандыктын ортосунда жайгашкан Пра Вихеар чиркөөсүнүн аймагы түрткү болгон. 1962-жылы Эл аралык соттун чечимине ылайык, бул чиркөө Камбоджанын ээлигине берилген. Бирок сот чиркөө орун алган 4,6 чарчы чакырым жерге кайсы хандык ээлик кыларын тактаган эмес.