23- Апрель 1979 -жылы
Актриса Мээрим Касаболотова төрөлгөн
Актриса Мээрим Касаболотова Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районуна караштуу Зындан айылында төрөлгөн. Ыбрай Туманов атындагы Каракол музыкалык окуу жайынын кыл кыяк бөлүмүн жана Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтунун актёр жана кино факультетин аяктаган. Мээрим Касаболотова "Айыл өкмөтү", "Чиркин өмүр", "Апамдын махабаты" жана башка тасмаларга тартылган.
Окуусун аяктаган соң, Талас облусунда жаңы театр ачып, Талас облустук музыкалык драма театрында эмгектенип калган.