23- Апрель 1940 -жылы
Опера ырчысы Болот Миңжылкиев туулган
Опера ырчысы, СССРдин эл артисти Болот Миңжылкиев Фрунзе шаарында туулган. Ташкенттеги мамлекеттик консерваториясын бүтүргөндөн кийин Кыргыз опера жана балет театрына солист болуп кирген. Искусство институтуна окутуучулук да кылган. Консерваторияда окуп жүргөндө эле Орто Азия жана Казакстан музыкант-аткаруучулардын биринчи сынагынын лауреаты болгон. Миландын Ла Скала театрында стажировкадан өтүп, ырдоо чеберчилигин өркүндөткөн. Ал көптөгөн операларда башкы ролдорду аткарган. Концерттик программалар менен чыккан, Москванын Чон театрынын сахнасында Санкт-Петербургдун академиялык опера жана балет театрында ырдаган. Болот Миңжылкиев эл аралык, Бүткүл союздук конкурстардын катышуучусу жана Бүткүл союздук Ленин комсомолу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктарынын ээси. Ырчынын тубаса кооз тембрлүү, диапазону кенен үнү менен дүйнөнүн көп жерине атагы кеткен. Кыргыз ССР Жогорку Кеңешине депутат болуп шайланган. Болот Миңжылкиев 2000-жылы 60 жашка караган курагында көз жумган.