23- Апрель 2012 -жылыАлмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасында энелер күнүн белгилөө жөнүндө” жарлыкка кол койгон
Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасында энелер күнүн белгилөө жөнүндө” жарлыкка кол койгон.
Мамлекет жана коомчулук тарабынан энеге аяр мамилени калыптандыруу, Кыргыз Республикасында үй-бүлө жана эненин баркын көтөрүү, абалын бекемдөө зарылчылыгын жана эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен президент Алмазбек Атамбаев энелердин күнүн белгилөө тууралуу ниетин жарыя кылган.
Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев май айынын ар үчүнчү жекшембисин Энелер күнү катары белгилөө тууралуу чечим кабыл алган.