24- Апрель 1997 -жылы
Орусия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Кытай президенттери КМШ өлкөлөрү менен Кытай чек арасындагы куралдуу күчтөрдү кыскартуу келишимине кол коюшкан
Москва шаарында Орусия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан президенттери: Борис Ельцин, Нурсултан Назарбаев, Аскар Акаев, Эмомали Рахмон жана Кытай Элдик Республикасынын төрагасы Цзян Цзэмин Шериктештик өлкөлөрү менен Кытай чек арасындагы куралдуу күчтөрдү кыскартуу келишимине кол коюшкан. Келишимде беш өлкөнүн бири-бирине кол салбоо кепилдиги каралган.