20- Апрель 1964 -жылы Спорт ишмери Александр Воинов туулган
Спорт ишмери, СССРдин спорт чебери Александр Воинов туулган. КМДТИ, КУУну бүтүргөн. Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген машыктыруучусу, кикбоксингден профессионалдардан дүйнө чемпиону (1992-ж. Сан-Диего ш. АКШ). Ысык-Ата райондук балдар спорт мектебинде машыктыруучу, "Колхозчу" СК инструктор, Ысык-Ата райспорткомитетинде төрага болгон. 2008-2009-жылдары Дене тарбия, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик агенттиктин директору. "Гермес" спорт клубунун президенти, кикбоксинг федерациясынын жетекчиси, 2007-2009-жылдары экс-президент К.Бакиевдин дене тарбия жана спорт боюнча кеңешчиси болгон. Ал "Даңк" медалы, "Данакер" ордени менен сыйланган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан