Ырчы Гүлжигит Калыков Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Муз айылында төрөлгөн. Мектепти Чүй облусунун Сокулук районунда аяктаган. 2004-жылы 7-класста президенттик стипендия алып, “Поющий город” теледолбооруна катышып, финалга чыккан. Кийин Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин экономикадагы прикладдык информатика факультетине тапшырган. Ошол эле маалда Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайында окуп, бирок өзүнө жогорку билим маанилүү деп чечип, ал окууну 2 жылдан кийин таштап койгон.