
Америкалык актриса, дизайнер, ырчы жана фотомодель Пэрис Хилтон Нью-Йоркто төрөлгөн. Пэрис Хилтон - үй-бүлөсүнүн бизнесинин - Hilton Hotels мейманканалар тармагынын мурунку мураскору. Аны "Жөнөкөй жашоо" атту реалити-шоу белгилүү кылган.
2000-жылы Пэрис Хилтон Дональд Трамптын T Management моделдик агентствосу менен келишим түзүп, профессионалдуу модель болгон. Кийинчерээк Нью-Йоркто Ford Models Management , Лондондо Models 1 Agency, Лос-Анжелесте Nous Model Management жана Лондондо Premier Model Management агентстволорунда иштеген. Хилтон белгилүү Iceberg, GUESS, Tommy Hilfiger, Christian Dior жана Marciano бренддеринин жарнамаларына чыгып, журналдар үчүн тартыла баштаган.
Хилтон 2005-жылы "Дом восковых фигур" тасмасында экинчи катардагы ролу үчүн Teen Choice Awards сыйлыгын алган.
2006-жылы Хилтон "Стильные штучки" жана "Блондинка в шоколаде" аттуу тасмаларында башкы ролдорду жараткан. 2008-жылы "Красавица и уродина" жана "Рипо! Генетическая опера" аттуу тасмаларындагы ролдору үчүн Пэрис "Золотая малина" сыйлыгын алган.
2006-жылы 22-августта алгачкы "Paris" жеке альбому чыккан.