28- Апрель 1970 -жылы
V чакырылыштагы "Республика" фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Назарали Арипов туулган
V чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты, Жогорку Кеңештеги "Республика" фракциясынын лидери Назарали Арипов Баткен областынын Лейлек районундагы Кара-Булак айылында туулган.
Назарали Арипов 1990-1992-жылдары Орусиянын Тольятти шаарындагы Техникалык колледжде окуган. Ал эми 2001-жылы Ош технологиялык университетинин жол кыймылын уюштуруу бөлүмүнүн жол кыймылы боюнча инженер адистигин бүтүргөн.
Эмгек жолун 1990-жылдары Тольятти шаарындагы автомобиль чыгаруучу заводдон жүк ташуучу болуп баштап, 1992-жылга чейин иштеген.
Ал эми 1994-1997-жылдары Ош шаарындагы «Эрдик» менчик ишканасынын директору, 1997-2000-жылдары жеке ишкер, 2001-2003-жылдары "Прагма-ИНК" ЖЧКнын директору, 2003-2009-жылдары "Гефест" ЖЧКнын жетекчиси болгон.
Назарали Арипов 2007-жылы Ош шаардык кеңешинин депутаты болуп, 2009-2010-жылдары Кыргыз өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Ош шаардык башкармалыгынын директору болгон. Ал эми 2010-жылы "Республика" партиясынын тизмеси аркылуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V чакырылыштагы депутаты болуп шайланган. Назарали Арипов Жогорку Кеӊештин Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары.