Ысык-Көлдө бугу уруусунун курултайы өткөрүлгөн. Курултайда бугулардын чоң манаптык бийлик маселеси каралып, жогорку кызмат орду манаптардын шайлоосунда чечилген. Чоң манаптык бийликке Качыбек Шералиндин талапкердиги туура табылып, ал шайлоодо жеңип чыккан. Качыбек баатырга жардамчылык кызматка Сарпек Саскин дайындалган.