Түркиянын Кыргызстандагы элчилигине берилген имараттын ачылыш салтанаты өткөн. Түркия элчилиги үчүн Москва көчөсүндө орун алган Биринчи май райондук компартиясынын эски имараты берилген. Элчиликтин ачылыш урматына Кыргызстанга келген Түркиянын премьер-министри Сүлейман Демирел Кыргыз Республикасынын президенти Аскар Акаев жана премьер-министр Турсунбек Чыңгышев элчилик имараттын ачылыш салтанатына катышкан.