Аксы районундагы Кара-Дөбө айылындагы катуу сел 103 үйдүн кошумча курулуштарын, айдоо жерлерин каптаган жана райондун борбору менен байланыштырган жалгыз көпүрөсүн жууп кеткен. Аталган райондун Кара-Суу айылында дагы ондогон үйлөрдү сел каптап, мал сарай, айдоо аңыздары ылайдын астында калган. Селдин кесепетин эң көп тарткан аймак – Баткен аймагы болгон.