Советтик аскерлер Берлин операциясынын алкагында рейхстагга чабуул коюп баштаган. Советтик аскерлер рейхстагды алыш үчүн кырчылдаша согушуп, бул күнү полковник А.И.Негода баштаган 171-аскер бөлүгү жана генерал-майор В.М.Шатиловдун командачылыгы астындагы 150-аскер бөлүктөрү имаратка киришкен. Фашисттик Германиянын символу эсептелген рейхстаг имаратынын бооруна 30-апрель күнү түшкү 14 саат 25 мүнөттө 674-аткычтар полкунун кызыл желеги сайылган.