Техника жана маданияттын жетишкендигине арналган биринчи Бүткүл дүйнөлүк көргөзмө Лондон шаарындагы Хрусталь сарайында ачылган. Көргөзмөнү уюштуруу демилгесин канайым Викториянын жолдошу ханзаада Альберт көтөрүп, ак сарай Жозеф Пекстондун долбоору менен салынган.