1- Май 1989 -жылы Түндүк Кореядагы "1-Май" стадиону колдонууга берилген
Түндүк Кореянын Пхеньян шаарындагы "1-Май" стадиону колдонууга берилген. Аны курууда 12 архитектор, 34 инженер, 15 техник жана 800 кара жумушчу тер төккөн. Стадион 1989-жылы Кореяда аздектелген 1-Май – Эмгекчилердин күнүндө жаштардын жана студенттердин Дүйнөлүк 13-фестивалын өткөрүү үчүн курулган. 16 кырдан туруп, кадимки парашютту эске салган стадиондо футболдук беттештерден тышкары улуттук майрамдар жана театрлаштырылган шоулор өткөрүлүп келет.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан