Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин кеңешмеси өтүп, анда коомдук тартип маселеси талкууланган. Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин төрагасы жана Компартия лидери А.Масалиев баяндама жасап, шаардыктар демократия менен баш аламандыкты алмаштырып алгандыгына басым жасаган.