АКШнын Жорж Буш башкарып турган маалдагы Башкы прокурору, саясатчы Жон Эшкрофт АКШнын Иллинойс штатындагы Чикаго шаарында төрөлүп, Спрингфилдде чоңойгон. Ал 1964-жылы Йельск университетин аяктап, 1967-жылы Чикаго университетинде юриспруденция боюнча докторлук даражага жеткен. Ал Миссури штатынын губернатору, кийин ал штаттан сенатор болгон.