10- Май 2013 -жылы
АКШнын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Памела Спратлен өлкөнүн тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин кабыл алуусунда болгон
Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев АКШнын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Памела Спратленди кабыл алган. Жолугушууда Абдылдаев элчиге АКШ Максим Бакиев боюнча кылмыш ишин токтотконуна кыргызстандыктар нааразы экендигин айткан. Ал ошондой эле Кыргыз өлкөсүндө соттун чечими менен Максим Бакиевди жасаган кылмыштары үчүн жоопко тартууга өкүм чыкканын кошумчалаган. Кыргыз тарап аны экстрадициялоого жана жазасын берүүгө бардык аракеттерин жумшарын да билдирген. Ал эми Спратлен Максим Бакиевге байланыштуу кылмыш ишинин токтотулушу анын күнөөсү боюнча далилдердин жетишсиздиги негиз болгонун айткан.