18- Февраль 1967 -жылы
америкалык физик Роберт Оппенгеймер каза болгон
Атом бомбасын түзүп чыккан америкалык физик Роберт Оппенгеймер каза болгон. Ал атом куралынын үлгүсү даярдалган Манхэттен долбоору аркылуу таанымал. Ошондуктан аны көбүнчө "атом бомбасынын атасы" деп аташат. Алгачкы жолу атом бомбасы 1945-жылдын июлунда АКШнын Нью-Мексико штатында сыналат. Кийин бул сыноо учурунда Оппенгеймерге Бхагавадгитанын "Мен Тынчтыкты жок кылуучу Өлүмгө айландым" деген сөздөрү эсине келгенин айткан. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин жетекчилик кызматынан пайдаланып дүйнөдө атом куралынын жайылышына каршы чыккан. Антисогуштук позициясы көпчүлүк саясий ишмерлерге жакпай анын жашыруун жумушка болгон уруксатын чектешкен. Бирок Роберт Оппенгеймер ага карабастан физика жаатында лекция окуп, макала жазуусун уланта берген.