Кыргызстанга иш сапары менен келген Түркиянын тышкы иштер министри Абдулла Гүл Кыргызстандын президентинин милдеттерин аткаруучу премьер-министр Курманбек Бакиев, Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев менен жолугушкан. Тараптар Кыргызстан менен Түркия ортосундагы көп кырдуу кызматташууну өнүктүрүү маселелеринин тегерегинде пикир алышкан. Абдулла Гүл 10-июлга белгиленген президенттик шайлоо Кыргызстан үчүн айрыкча маанилүү экендигин жана ал дүйнөлүк коомчулук алдында өлкөнүн жүзүн аныктай турган сынак катары кызмат кыларын белгилеген.