6- Май 1987 -жылы
Түштүк кореялык актриса Мун Гын Ён туулган
Түштүк кореялык актриса Мун Гын Ён Түштүк Кореянын Кванжу шаарында туулган. Кесиби боюнча актриса, модель.
Мун Гын Ён 3-классында "Белоснежка жана жети эргежээл" спектаклинде роль ойнойт. Мына ошондон тарта анын киного болгон кызыгуусу артып, 12 жашында "Жолдо" аттуу документалдык фильмге тартылат. Бул анын тасма талаасына болгон алгачкы кадамы болгон. 2000-жылы "Менин жүрөгүмдөгү күз" тасмасы менен чет өлкөдө ийгилик жаратып, Мун Гын Ён "Эң популярдуу жаш корей актрисасы" аталган. Ал "Мэри, түнү бою кайда жүрдүң?", "Күлчү кыздын эжеси", "Менин кичинекей келинчегим", "Чуулгандуу сүрөтчү" жана башка тасмаларда роль жараткан.