8- Май 1973 -жылы
Кыргыз эл жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбеков Кыргызстан КП БКнын биринчи катчысы Турдакун Усубалиев менен экинчи катчы Тартышевге кат менен кайрылган
Кыргыз эл жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбеков Кыргызстан КП БКнын биринчи катчысы Турдакун Усубалиев менен экинчи катчы Тартышевге кат менен кайрылган. Катта кыргыз адабиятынын абалы, улуттук колориттен айрылган Фрунзе шаарынын архитектурасы, кыргыз тарыхы жана эне тил көйгөйлөрү көтөрүлгөн. Атактуу жазуучу ошол кездеги партиялык диктатка карабастан улут безерлерге жана чагымчыларга каршы чара көрүү сыяктуу олуттуу маселелерди кабыргасынан койгон.