8- Май 2003 -жылы
Кыргыз мамлекетинин Тышкы иштер министрлигинде этникалык кыргыздардын абалына арналган талкуу өткөрүлгөн
Кыргыз мамлекетинин Тышкы иштер министрлигинде этникалык кыргыздардын абалына арналган талкуу өткөрүлгөн. Жыйында чет өлкөлөрдөн тарыхый мекенине кайтып келген кыргыздардын укуктарынын жөнгө салынбай, алардын Кыргызстандын жарандыгын алышына ар кандай тоскоолдуктар жасалып жаткандыгы белгиленген. Көйгөйлүү маселени чечүү үчүн миграциялык кызмат эки этаптык иш чараны иштеп чыккан. Анын биринчиси иммигранттык укук болсо, экинчиси жарандыкты берүүгө багытталган.