Демократиялык күчтөрдүн коалициясы “Реформа үчүн” кыймылга айланган. Коалициянын координациялоочу органы “Реформа үчүн” кыймылдын кеңешине айланган. Аталган уюм 8-майда билдирүү таратып, Кеңешке 29-апрелдеги тынч митингди уюштурган штабдын бардык мүчөлөрү кирген. Мындай өзгөрүүгө штабдын кеңейиши менен кыймыл үчүн келип чыккан узак мөөнөттүү пландар себеп болгон.