8- Май 2012 -жылы “Велотранс” веложүрүштүн катышуучулары стартты Пекинден башташып, Лондонду көздөй сапар тартышкан
“Велотранс” элди сергек жашоого чакырган веложүрүштүн 105 катышуучусу стартты Пекинден баштап, Лондонду көздөй сапар тартышкан. Велосипедчендер Лондонго 31-август күнү “Лондон-2012” Олимпиадасынын ачылышына кирип барышмак. 
Орто Азияны багындырып келе жаткан жүрүштүн катышуучулары велосипед менен Кыргыз жерине кирип келишкенде аларды Суусамыр-Өтмөк жолунан МАИ кызматкерлери тосуп алышып, 10-июнь күнү аларды Таластагы “Барчын” лагерине алып барышкан. Лагерде түнөшкөн веложүрүшчүлөр эртең менен МАИ кызматкерлеринин узатуусунда Тараз шаарынын чегине жеткирилген. Веложүрүшчүлөрдү ар кыл улуттун өкүлдөрү, басымдуу бөлүгүн кытайлар жана француздар түзгөн. Катышуучулардын жаш курагы 50дөн 70ке чейин болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан