8- Май 2013 -жылы
Казакстанда 80 жашка чыгып президенттикке талапкерлигин койгондорду өлүм жазасына тартуу сунушталган
Казакстанда 80 жашка чейин өлкөнү башкарып, кайрадан президенттикке талапкерлигин койгондорду өлүм жазасына тартуу сунушталган. Мындай сунушту Казакстандын мусулмандар биримдиги жана Борбордук Азиядагы адам укуктары боюнча мусулман комитети айтып чыккан. Алар мамлекетти 80 жаштан ашкан адамдар башкарбашы керек деп билдиришкен. Бул идеянын авторлору аталган жазаны ошол учурдагы президент Нурсултан Назарбаевге колдонбоону белгилешкен.