Талас облусунда "Жер-Үй" алтын кенине байланыштуу нааразычылык акциясы уланган. Митингчилер өкмөт "Жер Үйдү" иштетпөө боюнча чечим кабыл алмайынча бул көрүнүштү уланта беришерин билдиришкен. Бул нааразылык акциясы Чат-Базар айылында башталып, ага 150 адам катышып, бир нече боз үйлөр да тигилген. Ал эми 10 адам ачкачылык жарыялаган.