17- Май 1995 -жылы
Франциялык саясатчы Жак Ширак өлкөсүнүн президенти болуп дайындалган
Франциялык саясатчы Жак Ширак өлкөсүнүн президенти болуп дайындалган. Ал мамлекетти 2 ирет башкарган.
Француз саясатчысы Жак Ширак 1932-жылы 29-ноябрда Парижде туулган. Жаш кезинде коммунисттик идеяларга да кызыгып, француз коммунисттеринин “Юманите” гезитин таркаткан учуру да болгон. Кийин оңчул партиялардын тарабын туткан. 1977-жылдан 1995-жылга чейин Париждин шаар акими (мэри) болгон. Эки жолу премьер-министр кызматын аркалаган.
Ширак - өлкөнүн 22-президенти. 1995-жылдан 2007-жылга чейин Францияны бийлеген. Анын тушунда Франция голлизм саясатын кайра жандандырып, АКШдан өзүн кыйла оолак тутууга умтулган. 2007-жылдан тартып ал Франциянын Конституциялык кеңешинин өмүр бою иштечү мүчөсү болгон.