19- Февраль 1997 -жылы Кытай эл башкаруучусу Дэн Сяопин көз жумган
Кытай эл башкаруучусу, КЭРдин КП БКсынын 5-генералдык катчысы Дэн Сяопин Пекинде каза болгон.
Дэн Сяопин (чыныгы аты-жөнү Дэн Сяньшэн) – кытайлык саясатчы жана реформатор. Кытай Коммунисттик партиясынын ишмери, улуу жол башчы. Ал 1904-жылы 22-августта Сычуань провинциясында Гуанъань кыштагында төрөлгөн. Дэн Сяньшэндин кичине кезинде апасы каза болуп калат. Атасы аны мыкты делген мектепке киргизип, билим алуусуна шарт түзөт. Окуп жүргөн чагында фамилиясын Сяопин деп өзгөртөт. 1919-жылы 15 жаш курагында Францияга окууга жөнөйт. Акчадан кыйналганына байланыштуу окуп да, иштеп да жүрөт. Алгач темир жолдо, кийинчерээк “Рено” автозаводунда, андан соң өрт өчүргүч, официант болуп эмгектенет. 
1923-жылы Кытай жаштарынын коммунисттик союзуна кирет. 1923-жылы Кытай Коммунисттик партиясына (ККП) өтүп, Кытай жаштар союзунун лидери да боло алган. 1926-жылы Москвадагы Чыгыш эмгекчилеринин университетине тапшырып, билим алат. 1945-жылы Кытай Коммунисттик партиясынын секретары болуп орношот. 1952-жылы вице-премьер болуп иштейт. 1966-1969-жылдардагы маданий төңкөрүштөн кийин Дэн достору менен репрессияга кабылышкан. 1973-жылы акталып, премьер-министрдин орун басары болуп дайындалат. 1975-жылы ККПнын төрагасынын орун басары болуп кызмат кылган. 1977-жылдан тарта өлкөнүн экономикасын, айыл чарбасын, өндүрүш, курулуш, экспортту жөндөөгө жетише алган. Анын ысымы 1996-жылы июнда Бишкектин көчөсүнө ыйгарылган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан