14- Май 1878 -жылы Америкага жер которгон англис адамы Роберт Чезбро вазелинди ойлоп тапкан
Америкага жер которгон англис адамы Роберт Чезбро вазелинди ойлоп тапкан. Адистик даярдыгы химик Роберт Чезбро адегенде мунай иштетүүдөн пайда болгон парафин түстүү нерсеге көңүл бурган. Мунай өндүрүүчүлөр да ага парафин түстүү нерсе жараны айыктыра тургандыгын айтышкан. 
Роберт Чезбро ага керектүү компоненттерди кошуп, дары жасап, аны “мунай желеси” деп атаган. Анткен менен тез күйүүчү мунай аталышы кардарлардын санын арттырган эмес. Роберт Чезбро көпкө ойлонбостон дарыны “вазелин” деп атаган. Вазелин аталышы немец тилинен "вассер" - суу жана грекче "елайон" - зайтун майы деген сөздөрдөн куралган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан