14- Май 2004 -жылы "Троя" тасмасынын бет ачары болгон
Гомердин “Илиада” поэмасынын негизинде тартылган легендарлуу “Троя” тасмасынын бет ачары болуп, алгачкы аптада эле тасма 7800 кинотеатрда көрсөтүлгөн.
Тасманын режиссёру – Вольфганг Петерсен, ал эми сценарийин жазган – Дэвид Бениофф. Продюсерлери – Колин Уилсон, Диана Расбан, Вольфганг Петерсен.
Фильмде роль жараткандар: Брэд Питт (Ахиллес), Эрик Бана (Гектор), Орландо Блум (Парис), Дайана Крюгер (Елена), Питер О’Тул (хан Приам), Брайан Кокс (хан Агамемнон), Брендан Глисон (хан Менелай), Шон Бин (Одиссей), Тайлер Мэйн (Аякс), Роуз Бирн (Брисеида), Жон Шрапнель (Нестор) жана башкалар.
Тасманы Лондондо, Мальтада тартышкан. Кээ бир көрүнүштөр Мароккодо тартылышы керек болуп, бирок, Ирактагы согуш күч ала баштаганына байланыштуу тартуучу топ мусулман өлкө­сү­нө баруудан баш тартышкан. Кино тартуу Мексикада уланган.
Тасмага кеткен 200 миллион доллардан ашык каражат эки эсе көп киреше менен акталган. 13 ай тартылган “Троя” монтаждан кийин 164 мүнөттүк тасма болуп чыккан.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан